Menu

Надира Жусупбекова жетекчилерге мугалимдердин кыскартылган иш кагаздарын кайрадан талап кылбоосун эскертти

Бөлүшүү:

Билим берүү жана илим министрилиги райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары менен видео конференция аркылуу жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 14-январда КРнын ББИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Конференцияда министрдин орун басары Надира Жусупбекова мугалимдердин кыскартылган иш кагаздары тууралуу маалымат берди. Ошондой эле, жетекчилерге мугалимдердин кыскартылган иш кагаздарын кайрадан талап кылбоосу эскертилди.

Мындан тышкары, Надира Жусупбекова Билим берүү академиясынын президенти Алмаз Токтомаметовго реалдуу режимге өткөн билим берүү уюмдарында санитардык нормаларды так сактоо, кышкы жылытуу мезгилинде өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча жеткиликтүү иш алып баруу тапшырмасын берди.

Н. Жусупбекова мугалимдерге тиешелүү кыскарган иш кагаздар боюнча маалыматтын так жеткирилиши керектигин баса белгиледи.

Видео конференциянын жыйынтыгында министрдин орун басары менен Билим берүү академиясынын президенти мугалимдердин суроолоруна жооп беришти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 84 = 92

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: