Menu

“Ералаштын” жаратуучусу Борис Грачевский коронавирустан каза болду

Бөлүшүү:

Буга чейин коронавирус менен ооруканага түшкөн “Ералаш” балдар журналынын көркөм жетекчиси Борис Грачевский 72 жашында көз жумду. Бул тууралуу россиялык ММКлар жазып чыкты.

28-декабрда Борис Грачевский ооруканага жеткирилген. Ага чейин коронавирустун табылышына байланыштуу ал үйүндө дарыланып жаткан. 10-январда анын жубайы дарыгерлер буга чейин жандандыруу бөлүмүнө которулган күйөөсүнүн абалын турукташтырууга жетишишкенин айткан.

Грачевский 1949-жылы 18-мартта Москва шаарында туулган. 1974-жылы драматург Александр Хмелик менен биргеликте “Ералаш” балдардын юмордук киножурналынын негиздөөчүсү болгон. 1974-1984-жылдары Грачевский “Ералаштын” директору, 1984-жылдан тарта киножурналдын көркөм жетекчиси болгон. Ал ошондой эле “Крыша” жана “Между нот, или Тантрическая симфония” тасмаларынын режиссёру катары белгилүү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 − = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: