Бишкек ШИИБдин Криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн кармады. Бул тууралуу шаардык ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирет.
Кармалган адам мыйзамдагы ууру Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү экендиги такталды. Кармалган Ш.А. 1989-жылы туулган. Ал Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Белгиленгендей, 2018-жылы Биринчи май райондук соту ага издөө жарыялаган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ