Милицияга Бишкек шаарынын тургуну арыз менен кайрылып, 1нен 2-июлга караган түнү белгисиз жаран жабырлануучунун үйүнө ууруга кирип, сваркалоочу аппараты менен башка буюмдарын уурдап кеткен. Ленин РИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн текшерүү ишинин негизинде жогоруда көрсөтүлгөн кылмыш ишине шектүү 19 жаштагы К. А. менен М. О. аттуу жарандар кармалды. Андан сырткары, шектелүүчүлөрдүн дагы 8 кылмыш ишине тиешеси бар экени такталды. Кармалган адамдар Бишкек шаарындагы №1 убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө уланууда. Бул туурасында Бишкек ШИИБдин Басма сөз кызматы маалымдайт.
Ошондой эле милиция кызматына Бишкек шаарынын жашоочусу арыз менен кайрылып, 2017-жылдын 17-июнунда саат 11:20 чамасында Матыева-Каракол көчөлөрүнун кесилишинде “Ниссан” үлгүсүндөгү автоунаадан 2 уюлдук телефонун жана 3500 сом акчасын уурдап кетишкендигин билдирген. Ленин райондук милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иликтөө ишинин негизинде Бишкек шаарынын тургуну Б. Э. аттуу жаран кармалган. Кармалган адам убактылуу кармалуучу жайга киргизилип, тергөө иши башталды.
Андан сырткары, 2017-жылы 1-июлда соода борборунун биринен белгисиз жаран сумкасынан 25000 сомдой акчасын, банктык карточкасын жана жеке документтерин уурдатканын билдирген. Милиция кызматкерлеринин ыкчам-иликтөө ишинин натыйжасында Бишкек шаарынын жашоочусу 35 жаштагы К. А. кармалды. Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренесинин (уурулук) негизинде кылмыш иши козголду. Кармалган жаран тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ