Menu

Нурболот Үсөнбаев: “Жарандар карантин режимин бузуп, берилген сунуштарды аткарбаса, оорунун экинчи толкуну бир-эки жумада башталышы мүмкүн”

Бөлүшүү:

Эгерде шаар тургундары карантин режимин бузуп, берилген сунуштарды аткарбаса, бизде инфекциянын экинчи толкуну бир-эки жумада башталышы мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.

Ал учурда көптөгөн адамдар көчөгө чыгып, беткап кийбей жатышканын айтып, өзгөчө абал режимин бузгандыгы үчүн административдик жана кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертти.

Үсөнбаев өзгөчө абал тартиби Бишкек, Ош, Жалал-Абад жана Ат-Башы райондорунда сакталып тургандыгын, өлкөдө өзгөчө кырдаал режими да алына электигин эскертти.

“Ошондуктан, өлкөнүн бардык тургундары берилген сунуштарды аткарууга милдеттүү” – деп белгиледи Нурболот Үсөнбаев.

“Көптөгөн адамдар көчөгө чыгып, белгиленген режимди бузушат, мындан вирустун жугушуна жана андан ары жайылышына шарттар түзүлөт.  Муну жасаардан мурун, ойлонуш керек. Анткени, бир гана өнөкөт оорулары бар адамдар каза болбойт.  Биз улуу муунга: чоң апа, чоң ата, ата-энеге ж.б. чоң коркунуч жаратабыз. Европада жана башка өлкөлөрдө эмне болуп жатканын барыбыз жакшы билебиз. Оору биринчи кезекте улгайган адамдарга таасир этет. Ошондуктан, азыркы түзүлгөн кырдаалды сактап калууга аракет кылалы. Анткени, өкмөттүн жана башка министрликтер, медициналык кызматкерлер жана көптөгөн адамдардын жасаган аракеттеринин натыйжасында учурдагы туруктуу кырдаалга жете алдык. Бул кырдаалды башкарып, кармап калууга аракет жасап жатабыз” – деп билдирди Нурболот Үсөнбаев.

“Эгерде жарандар керектүү алдын ала чараларды так сактабаса, оорунун экинчи толкуну башталышы мүмкүн. Социалдык аралыкты сактап, бири-бирибизден алыс болушубуз керек” – деп кошумчалады министрдин орун басары.

Ал дагы бир жолу шаар тургундарынан бардык сунуштарды аткарууну өтүндү. “Эгерде сунуштар сакталбаса, анда унаалардын жана жөө жүргөн адамдардын кыймылына чектөө киргизүүгө мажбур болобуз” – деп белгиледи Нурболот Үсөнбаев.

Министрдин орун басары жеке гигиенаны сактоо, беткаптарды кийүү жана аралыкты сактоо зарылдыгын дагы бир жолу эскертти.
Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: