Menu

Пандемия учурунда “Кычкылтек концентратын” алып келип берем деп акча алып, жарандарды алдап кеткен жигитке кандай жаза берилди?

Бөлүшүү:

12-январда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 23 жаштагы Мирбекти (аты өзгөртүлдү, О.М.) алдамчылык боюнча күнөөлүү деп таап, үч жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратты.

Мирбек 2020-жылдын 3-июлунан 9-июлуна чейин Бишкектин бир нече жашоочуларынан “кычкылтек концентраторлорун алып келип берем” деп убада кылып, акча алган. Бардыгы аны социалдык тармактардагы жарнама аркылуу табышкан.

Бирок, акчаны алган Мирбек аларга убада кылган кычкылтек концентраторлорун берген эмес. Андан тышкары, жигит сатып алуучулардан жашынып, Ысык-Көлгө кетип калган. Ал жерден пансионатты ижарага алып, тааныштары менен эс алган. Ал эми тааныштары Мирбектин жасаган былыктарын билген эмес. Күбөлөрдүн айтымында, Ысык-Көлдө Мирбек досу аркылуу банк эсебинен акча чыгарып алган.

Алданган бишкектиктер милицияга жардам сурап кайрылышкан. Шектүү жигит кармалган.

Кийинчерээк ал жабырлануучулардан кечирим сураган. Сотто Мирбек кылган ишине өкүнгөн. Ал өз күнөөсүн мойнуна алып, соттон ага карата шарттуу жаза колдонууну суранды. Анын айтымында, ал Казакстандагы достору аркылуу жарандарга жардам берүүнү каалаган. Акыркысы, соттолуучунун айтымында, аны кычкылтек концентраторлору менен камсыз кылууга убада берген, бирок кыргыз-казак чек арасындагы чектөөлөрдөн улам Мирбек планын иш жүзүнө аткара алган эмес. Мирбек жабырлануучуларга келтирилген зыяндын ордун толтургандыгын айткан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 − = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: