Menu

Өлкө аймагына мыйзамсыз тамеки продукцияларын ташып келген жаран кармалды

Бөлүшүү:

Өлкө аймагына мыйзамсыз тамеки продукцияларын ташып келген жаран кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү/чыгуу фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, “Түштүк-Батыш” бажысынын кызматкерлери Ош областында “Т.Ж.О.,” аттуу Кыргыз Республикасынын жаранынын башкаруусундагы “Subaru Forester” үлгүсүндөгү автотранспорт каражатын токтотуп текшеришкен.

Жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражатынына бажылык текшерүү жүргүзгөн учурда Кыргыз Республикасына чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан 10000 куту “Milano” соода маркасындагы тамеки продукциясы табылган.

Кармалган товардын жалпы наркы 650000 сомду түзөт.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 33 = 34

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: