Menu

Ат-Башыда милиция кызматкерлери алдын алуу иш-чараларын өткөрүп жатат

Бөлүшүү:

Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери өлкө аймагында орун алып жаткан, тактап айтканда тез тамактануучу (шаурма, гамбургер)жана башка тез татым даярдоочу жайдагы коопсуздук эрежелерин бузуунун кесепетинен чыккан өрттүн натыйжасында жаш кыз өмүрү менен кош айтышып, калган жабырлануучулар ар кандай түрдөгү ден соолугунан жаракат алганын эске алуу менен район аймагында жайгашкан тез татым саткан жерлер текшерилип, коопсуздук эрежелери боюнча алдын алуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, тиешелүү мекемелерге сунуш каттар жиберилди. Бул тууралуу Нарын ОИИБнин басма сөз кызматы билдирет.

Мындан сырткары жаш өспүрүмдөрдүн ден соолугуна, дене бой, интелектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча мыйзамга ылайык жашы жете элек өспүрүмдөр арасында кылмыш кырсык окуяларын болтурбоо, алдын алуу максатында профилактикалык түшүндүрүү иштери уланууда.

Ошондой эле Ат-Башы районун бардык айыл аймактарында милициясынын көчмө кабылдамасы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте айыл тургундары менен жолугушуп эл алдында жыл ичинде жүргүзүлгөн иштер боюнча маалымат берилип, айыл тургундарынын көйгөйлүү маселелерин, сушуштарын, арыз даттанууларын кабыл алышып, жеринен көмөк көрсөтүп жатышат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 − = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: