Финполициянын төрагасы Сыймык Жапыкеев кечээ, 17-январда Facebook социалдык тармагындагы баракчасына видеокайрылуу жүктөп, “ага ар кандай кымбат баалуу белектер берилип жатыптыр” деген сөздөрдү чындыкка дал келбей турганын билдирди.
“Мегакомдун” жетекчиси Сыймыкка айфон бериптир дейт. Андай болгон эмес. Жаңы жыл менен куттуктап, почтадан бир календарь менен куттуктоо кагазын берип жибериптир. Мурдагы бийликке алданган жокпуз, анан бир айфонго алданбайбыз го. “Сыймык ичип-жеп жатыптыр” деген болбогон сөз. Кимди кыйнап, кимди акча бер деп жатсам ачык айтсын”, – деди ал.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ