Menu

Кыргызстанда дагы 69 адамдан коронавирус жана пневмония табылды, Бишкектен 3 бейтап каза болду

Бөлүшүү:

Бүгүн, 18-январга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 69 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.

Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 28, Ош шаарынан – 7, Чүй облусунан – 11, Ош облусунан – 1, Жалал-Абад облусунан – 3, Ысык-Көл облусунан – 19 катталды. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 83 178 адам ооруга чалдыккан.

Өткөн сутка ичинде 110 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 79 104кө жетти.

Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 55, Ош шаарынан – 1, Чүй облусунан – 31, Ош облусунан – 8, Ысык-Көл облусунан – 6, Жалал-Абад облусунан – 9.

Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан Бишкек шаарынан 3 бейтап каза болду. Алардын жалпы саны 1387ге жетти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 − 13 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: