Бүгүн, 18-январда Бишкекте 500 маршрут айдоочулары жумушка чыккан жок. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын шаардык транспорт бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Улан Бейшенбаев билдирди.
«Эртең менен мен акыркы аялдамаларда болчумун. Айдоочулар өзүлөрүнүн кесиптештеринен корккондорун айтышты, алар WhatsApp аркылуу коркутуп, чыккандардын дөңгөлөктөрүн тешип, терезелерди сындырып кетебиз дешкен», – деди Бейшенбаев.
Улан Бейшенбаев кошумчалагандай, дагы деле болсо сапка чыга элек айдоочуларга мыйзамда белгиленген тартипте чара көрүлөт.
Эске салсак, өткөн жуманын башында маршруттук таксилердин айдоочулары жол кирени 15 сомго чейин көтөрүүнү талап кылышкан, антпесе алар ишти токтотушат. Мэрияда кичи автобустарда жүрүү тарифтерин жогорулатуу маселесин кароо боюнча жумушчу топ түзүлдү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ