Menu

Фото – Финполициянын ички иликтөө башкармалыгынын жетекчиси мыйзамсыз баюуга шектелип кармалды

Бөлүшүү:

УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан Финполициянын Ички иликтөө жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Айбек Токоев кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-январда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Такталгандай, 2014-жылдан бери Айбек Токоев жетекчилик кызматтарда иштеп турганда, Ош жана Бишкек шаарларында 15тен ашык кыймылсыз мүлк сатып алган. Алар анын жакын туугандарына катталган.

Мындан тышкары, ал Ош шаарында 13 кабаттуу турак үйдүн, ресторандардын, дүкөндөрдүн жана май куюучу жайлардын курулушуна көп каражат жумшаган. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, Токоевдин кыймылсыз мүлкүнүн жалпы наркы 4 миллион доллардан ашат.

18-январда Айбек Токоев кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда, сотко чейинки процесстин алкагында, Токоевдин бардык мүлктүк жана каржылык активдерин аныктоо, ошондой эле алардын болжолдуу наркын тактоо боюнча иш-чаралар жүрүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: