Menu

Өкмөттө бажы инфраструктурасын өнүктүрүү маселеси талкууланды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков бажы инфраструктурасын өнүктүрүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирет.

«Биз Кыргыз Республикасына товарларды ташуу көлөмүн жогорулатуу максатындагы бажы инфраструктурасын куруу жана жабдуу ишинин токтоп туруусуна көз жума албайбыз. Бир жарым ай мурда, жүк ташуулардын көлөмүнүн төмөндөө себептерин караганыбызда, инфраструктураны өркүндөтүү, дезинфекциялык барьерлерди, товарларды крандар менен жүктөө аянтчаларын куруу, товарларды толук кандуу эсепке алуу механизмдерин иштеп чыгуу, анын ичинде атайы бажы-логистикалык аймактарды, аэропорттук инфраструктураны өнүктүрүү боюнча тапшырмалар берилген», – деп белгиледи Премьер-министрдин милдетин аткаруучу.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы  Кадыржан Семетеев белгилегендей, бажы инфраструктурасын өнүктүрүү планы даярдалган, бажы-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү боюнча келишимдерди түзүү жыйынтык баскычта турат жана жакынкы учурда тийиштүү долбоорлор ишке киргизилет.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча кытай тарап менен биринчи этапта «Эркечтам» өткөрүү пунктунда өткөрүлүүчү жүк ташуучу унаалардын санын 30га дейре жана «Торугарт» өткөрүү пунктунда 15  автоунаага дейре жогорулатуу үчүн тийиштүү инфраструктураны даярдоону жыйынтыктоо боюнча консультацияларды тездетүү тапшырылды.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматын 2021-2023-жылдары өнүктүрүү боюнча планды даярдоо тапшырылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 + = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: