2021-жылдын 15-январында Кыргызстандын Россиядагы элчилиги Россиянын Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана адамзаттын бакубатчылыгы чөйрөсүнө көзөмөл боюнча федералдык кызматы (Роспотребнадзор) тарабынан COVID-19 коронавирус инфекциясын лабораториялык диагностикалоого 20 000 изилдөө жүргүзүү реагенти алынганын билдирет. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Ошол эле күнү гуманитардык жүк Кыргызстанга жиберилген.
Аталган гуманитардык жардамды кабыл алуучу болуп, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин ооруларды алдын – алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык департаменти эсептелет.
Кыргыз Республикасы Россия Федерациясына көрсөткөн жардамы жана колдоосу үчүн терең ыраазычылык билдирет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ