Menu

Экс-министр Космосбек Чолпонбаев үй камагына чыгарылды

Бөлүшүү:

Мурдагы саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев 27-ноябрда үй камагына чыгарылган. Бул тууралуу маалыматты журналисттерге Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Белгиленгендей, үй камагы түрүндө баш коргоо чарасы 15-мартка чейин тандалган.

Эсиңиздерге сала кетсек, 15-сентябрда Финполиция Космосбек Чолпонбаевди министр болуп турган учурунда (2018-2020-ж.ж.) мамлекеттик бюджетке 9 млн сом зыян келтирген деген айып менен 48 саатка кармаган. 17-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту  Саламаттыкты сактоонун экс-министри Космосбек Чолпонбаевди 2 айга, 15-ноябрга чейин Бишкек СИЗО-1ге камакка алуу боюнча чечим чыгарган.

Ошондой эле, Генпрокуратура Каржы полициясы Чолпонбаевдин үстүнөн козгогон кылмыш ишинин (Кылмыш кодексинин 4 бөлүгүнүн 320-беренеси) материалдарын карап көрүп, Космосбек Чолпонбаев кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, консултациялык тейлөө көрсөткөн деген шылтоо менен мамлекетке зыян алып келүүчү келишимдерди түзүп, бюджетке 65 млн сом зыян келтирген деп  бекитип, сотко жөнөткөн.

Кийинчерээк Чолпонбаевдин ден-соолугу кескин начарлап, ооруканага жаткырылган. 13-ноябрда анын жүрөгүнө операция жасалган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 − = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: