Menu

Казакстанда Кытайдан качып келген шинжаңдык эки казакка кол салуу болду

Бөлүшүү:

Кытайдан качып келген шинжаңдык казактар Кайша Акан менен Мурагер Алимулына кол салуу болуп, жаракат алышты.

Өткөн жылы Казакстанда башпаанек алган Кайша Аканга 21-январь күнү кечинде Алматыдагы үйүнүн жанында кол салышкан. Бул тууралуу Шинжаңдагы аз улут өкүлдөрүнүн маселесин көтөрүп жүргөн «Нағыз Атажұрт» деген каттоодон өтпөгөн уюмдун жетекчиси Бекзат Максутханулы билдирди.
— Кайша мага телефон чалып, белгисиз адамдар сабап кеткенин айтты. Кол салуу ал дүкөндөн келаткан маалда болон. Башына бир нерсе менен чаап, муунтушкан. Кайша бир аз убакытка эсин жоготуп жыгылып калган», — деди Максутханулы.

Ал тез жардам чакырылып, Акан шаардык ооруканага жеткирилгенин кошумчалады.

Казакстандагы адам укугу боюнча бюронун юристи Гүлмира Куатбекова Кайша Акан коопсуздугунан кооптонуп, ооруканада калуудан баш тартканын кабарлады.

«Кол салуудан кийин Акандын үйүндө болдум. Анын мээси чайкалган окшойт. Далысы, бетинде көгөргөн тактар бар. Ал дене бою, буттары ооруп жатканын айтууда. Медиктердин алгачкы жардамынан кийин үйүнө кайтып келди», — деди Куатбекова.

Ал бул кол салууну кокустук деп эсептебейт. «Бул эскертүү болду. Анын эч нерсесин алып кетишкен эмес. Кайша Акан буга чейин да шектүү нерселер болуп жатканына даттанган. Ал ижарага алып жашаган батирге чоочун кишилер келип, Акан жөнүндө сурашкан. Кытайда калган туугандарына Кайша бул жерде Шинжаңдагы адам укуктарынын бузулуп жатканы жөнүндө айтпашы керек экенин эскертишкен», — деди Куатбекова.

Алматынын Түрксиб райондук полиция башкармалыгынын өкүлү Аканга кол салуу фактысы боюнча тергөө иштери башталганын билдирди. «Бейбаштык беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Азыр жетекчилик окуя болгон жерде жүрөт. Башка эч нерсе айта албайм», — деди полициянын өкүлү.

«Чек арадан мыйзамсыз өтүү» айыбы менен абакка отуруп чыгып, былтыр Казакстада башпаанек алган Мурагер Алимулына Нур-Султандын четиндеги Коянды айылында сабалды.

Анын айтымында, 21-январь күнү кечинде ал көчөдө баратканда белгисиз эки киши эч нерсе айтпастан эле кол салышкан. «Мен караңгы көчөдө жалгыз бараткам. Буга чейин мен көрбөгөн эки киши келип, бирөө бычак сайды. Чөнтөгүмдө телефон кубаттагыч бар болчу, өмүрүмдү ошол сактап калды. Бычак ошого тийип, жеңил жаракат алдым. Андан кийин катуу нерсе менен башыма жана белиме ургулашты», — деди Алимулы.

Жергиликтүү полиция Мурагер Алимулына кол салуу фактысы тергелип жатканын билдирди.

Казакстан былтыр Кытайдан качып келген шинжаңдык төрт казакка — Кайша Акан, Мурагер Алимулы, Кастер Мусаханулы жана Тлеку Табаркулыга башпаанек берген. Укук коргоочулар бул көрүнүштү Нур-Султан Шинжаңдагы аз улут өкүлдөрүнүн куугунтукталып жатканын кыйыр түрдө тааныганынын белгиси деп эсептешкен. Бирок Казакстандын бийлиги бул маселе боюнча батыш өлкөлөрүнөн айырмаланып, Бээжиндин дарегина ачык сын айтпай келет.

Кайша Акан да, Мурагер Алимулы да буга чейин Шинжаңдагы аз улут өкүлдөрү мажбурлап кармалып турган «кайра тарбиялоо лагерлери» жөнүндө ачык билдирүүлөрдү жасашкан.

2019-жылы декабрда Алматы облусундагы Панфилов райондук соту Кайша Аканды «чек арадан мыйзамсыз өтүүгө» күнөөлүү деп таап, алты жылга эркинен ажыраткан. Шинжаңда туулуп-өскөн Акан сотто Кытайдагы куугунтуктоолордон качып келгенин айткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 − 84 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: