Menu

Тажикстан: Рахмондун кайрылуусун укпагандыгы үчүн кетирилген мугалим кайра ишке алынды

Бөлүшүү:

Душанбедеги Хореографиялык окуу жайдын директору бий мугалими Саида Рустамованы кайрадан жумушка алуу тууралуу буйрукка кол койду. Буга чейин тиешелүү чечим өлкөнүн Маданият, маалымат, спорт жана туризм кызматкерлеринин кесиптик кошуун федерациясы тарабынан кабыл алынган.

Саида Рустамова президент Эмомали Рахмондун ар жылкы кайрылуусу көрсөтүлүп жатканда окуу жайдын залында болбогондугу үчүн жумуштан алынган.

Федерациянын кызматкери Мухаммад Курбонов окуу жайдын директорунун мыйзамсыз буйругу жокко чыгарылып, Саида Рустамова кайра жумушка алынганын жана 15-январдан берки иштебегендиги үчүн ага акчалай компенсация төлөнөрүн билдирди.

Окуу жайдын директору Кенжа Иброхимовдун айтымында, ал иштен алынган мугалим менен ымалага келди. Буга чейин Рустамова аны жумуштан кетирүү тууралуу буйрукта «Улут лидеринин кайрылуусун угуудан баш тартканы үчүн иштен алынсын» деп жазылганын айткан.

Окуу жайдын жетекчилиги мугалим ишиндеги кемчиликтерден улам жумуштан алынганын билдирген.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 22-декабрда өлкө парламентине жылдык кайрылуусун жасаган. Коңшу өлкөнүн бардык радио жана телеканалдары аны түз ободо көрсөтүшөт. Мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери, окуу жайлардын студенттери, мектептердин жогорку класстарынын окуучулары аны угуп-көрүүгө милдеттүү.​

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: