Menu

“Газпром” компаниясы: ЖЭБге учурдагы газдын тарифинен 20-25% арзандатуу берүүгө даярбыз

Бөлүшүү:

Бишкек ЖЭБин жаратылыш газына өткөрүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда маалымат жыйынында “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсынын экономика жана каржы боюнча башкы директорунун төрагасынын орун басары Арзымат Алдаяров билдирди.

Анын айтымында, өкмөт буга чейин жеңилдик сурап “Газпром Кыргызстанга” кайрылган. Буга жооп кылып, компания өзүнүн эсептөөлөрүн жана күйүүчү майды сатууда анын минималдуу баасын берген.

“Бирок биз өзүбүз газ сатып алган баадан төмөн түшө албайбыз. Биз ЖЭБге учурдагы газдын тарифинен 20-25% арзандатууну берүүгө даярбыз. Бишкек ЖЭБи жана Электр станциялары эсептөөлөрдү алышты. Бул маселени министрлер кабинети жана Улуттук энергетикалык холдинг менен күн сайын талкуулап жатабыз”, – деди Арзымат Алдаяров.

Учурда Бишкек шаарынын ЖЭБин газга өткөрүү боюнча эки вариант каралууда. Биринчиси – ЖЭБ кышкысын газ менен, жайында көмүр менен иштейт. Бул учурда 395-400 миллион кубометр жаратылыш газы сарпталат. Экинчи вариант – ЖЭБдин жаратылыш газын колдонуп жыл бою иштейт. Мындай учурда 515-520 миллион кубометр газ керектелет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: