Menu

Жол кырсыгынан жабыркаган Анжеликанын кичүү кызына операция жасалат

Бөлүшүү:

Ырчы Анжеликанын кичүү кызы Түп аймактык ооруканасынан Бишкек травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборуна жеткирилди. Бул тууралуу журналисттерге медициналык борбордон билдирди.

Маалым болгондой, кызынын эки жамбаш сөөгү сынган. Учурда ал оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат.

“Бүгүн ага дагы операция жасалат”, – деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Анжелика жана анын кыздары кечээ Караколдон Бишкекке кайтып келе жатканда кырсыкка кабылышкан. Унааны Анжеликанын курбусу башкарып бара жаткан. Кырсыктын кесепетинен ырчы өзү жана эки кызы жабыркаган. Бир кыздын эки буту сынган, экинчисинде жеңил жаракат бар. Айдоочу жабыркаган эмес.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 49 = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: