Садыр Жапаров президенттик кызматка расмий түрдө киришкенден кийин алгачкы иш сапарын Россиядан баштайт. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда вице-премьер-министр Равшан Сабиров ЖКнын Агрардык саясат, суу ресурстары жана экология боюнча комитетинин отурумунда билдирди.
“Садыр Жапаров биринчи сапарын Россияга жасоого ниеттенүүдө”, – деди Сабиров.
Ал белгилегендей, сапар учурунда Садыр Жапаров Кыргызстан үчүн жаратылыш газына болгон бааны төмөндөтүү маселесин көтөрүүнү көздөп жатат.
Белгилей кетсек, президенттик шайлоодо жеңишке жеткен Садыр Жапаровдун инаугурациясы 28-январда Т.Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ