Menu

ИИМ: Мончодо зордукталган бала тууралуу жалган маалымат тараткан өспүрүм табылды

Бөлүшүү:

Мончодо зордукталган бала тууралуу жалган маалымат тараткан өспүрүм табылды. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

“24-январда интернет тармагында мониторинг жүргүзүү учурунда жашы жете элек баланы белгисиз жарандын зордуктагандыгы жөнүндө видео тарагандыгын жана ал боюнча кандай иш-чаралар жүргүзүлгөндүгү тууралуу маалымат берилген эле.  Анын үстүнө маселе тактала электе социалдык түйүндөрдө провокацияга алдырган да жарандар болду. Ошол эле соцтүйүндөр аркылуу ар кандай сүрөттөрдү салышып, ушул жигит экен деген да маалыматтар, аудио маалыматтар да тараган.  Аталган видеороликтеги окуя Кыргызстандын аймагында болгон эмес, бул окуя чет мамлекеттердин биринде болгондугу такталды. Экинчиден, окуянын чоо-жайын тактоо максатында ошол мамлекетке ыйгарым түрдө суроо өтүнүчүбүздү жибердик деген билдирүү таратканбыз”, – деп айтылат маалыматта.

ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы  тарабынан “Фейсбук” жана “Инстаграмм” социалдык тармагында 51 тайпадан жана блогерлердин баракчаларынан аталган видеону өчүрүү боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлдү.

2021-жылдын 24-январында Интернет тармагында белгисиз 16-18 жаштагы жарандын сүрөтү коюлуп, “сүрөттөгү бала зордуктаган” деген маалыматты кыргызстандык “Интернет” аттуу колдонуучу (уюлдук телефон номери аркылуу) социалдык тармактарга жайылткан.

ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча  кызматы  тарабынан жүргүзүлгөн текшерүү иштеринин натыйжасында таратылган сүрөттөгү жаран Бишкек шаарынын Ленин районунун тургуну Б.А. экендиги жана анын аталган окуяга эч кандай тиешеси жок экендиги аныкталды.

Аталган факт Бишкек шаарынын Ленин РИИБнин  кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык  кодексинин 186-беренеси менен (Жекече жашоонун кол тийбестигин бузуу) катталган.

ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын  Кибер коркунучтарга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан белгисиз колдонуучунун  өздүгүн аныктоо боюнча жүргүзүлгөн ыкчам уюштуруучулук иш-чаралардын натыйжасында, сүрөт коюп кылмышты ушул жасаган деген жалган маалымат тараткан Чүй облусунун тургуну 16 жаштагы Т.Ж. экендиги аныкталып, тергөө кызматына жеткирилди. Учурда аталган факт боюнча тергөө иликтөө иш -чаралары жүргүзүлүүдө.

Акыркы убактарда “WhatsApp” мессенджеринде жана башка социалдык тармактар аркылуу кылмыш жасалгандыгы тууралуу жалган маалыматтарды жайылткан учурлар көп кездешүүдө. Ички иштер министрлиги  кылмыш жасалгандыгы жөнүндөгү жалган маалымат тараткандар КР Жазык кодексинин 344-беренесине ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартыла тургандыгын эскертет.

Ички иштер министрлиги жарандарды социалдык тармактар жана Интернет аркылуу чагымчыл маалыматтарды таратпоону суранат, такталбаган жалган маалыматтарды жайылтпоого чакырат. Ушундай фактылар боюнча ички иштер органдарына -102 кызматы аркылуу маалымдап коюңуздарды суранат. КР Мыйзамын билбегендик жарандарды кылмыш жоопкерчилигинен бошотпойт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: