Бүгүн, 27-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары кызмат ордуна Сыдыгалиев Нурбек Өмүрбекович шайланды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.
Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары кызмат ордуна депутаттар Уланбек Исмаилов (“Өнүгүү-Прогресс”) менен Нурбек Сыдыгалиевдин (“Ата-Мекен”) талапкерлиги көрсөтүлгөн.
Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында Нурбек Сыдыгалиевдин талапкерлигин 77 депутат колдоп, Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.
Эскерте кетсек, буга чейин аталган кызмат ордун ээлеп келген депутат Мирлан Бакиров, 2020-жылдын 23-декабрындагы Жогорку Кеңештин жыйынында өз каалоосу менен кызматын тапшырып жатканын айткан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ