Сокулук районунда милиция кызматкерлери ушул жылдын 7-январында жасалган велосипед жана башка курулуш шаймандарын уурдоого шектелген жаранды кармашты. Бул тууралуу Чүй ОИИБнын басма сөз кызматы билдирет.
Кол салган адам Шопоков шаарындагы үйлөрдүн биринин аймагында жайгашкан гараждан велосипед жана курулуш шаймандарын уурдап кеткен. Аталган факт Сокулук районунун ИИБ КЖБР катталып КР Кылмыш-жаза кодексинин 200 (уурдоо) беренесинин
негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Тергөө кызматы тарабынан келтирилген чыгымдын көлөмү аныкталууда.
Ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда Сокулук районунун ИИБнүн милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүүнүн өздүгү аныкталып, ал 26 жаштагы жергиликтүү тургун болуп чыккан.
Учурда, милиция кызматкерлери шектүүнүн Сокулук районунун аймагында жасалган уурулук фактыларынын ушул сыяктуу дагы 7 башка фактыларга тиешеси бар деп текшерилүүдө, андан тышкары дагы башка фактыларына тиешеси бар же жок экени текшерилүүдө.
Сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ