Ысык-Атада дүкөндөрдөн азык-түлүк урдоого шектүүлөр кармалышты. Бул тууралуу Чүй ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, 20-январь күнү Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнө Кант шаарынын 33 жаштагы жашоочусу П.С. арыз менен кайрылып, 20-январга караган түнү белгисиз бирөөлөр арыз ээсинин дүкөнүнүн эшигин бузуп кирип ичинен акча каражаттарын, азык-түлүк, тамеки жана ичимдиктерин уурдап кетишкенин билдирген.
Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Ушул сыяктуу дагы эки арыз милиция кызматкерлерине келип түшкөн. Ал арыздарда дүкөндөрдөн азык түлүктөр, ичимдиктер уурдалганы тууралуу билдиришкен.
Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүүлөрдү колго түшүрүү уүчүн жасалган бир катар ыкчам тергөө иш-чаралардын натыйжасында, жогорудагы кылмышка шектелип, 46 жаштагы А.С. жана 25 жаштагы Т.Б. аттуу жарандар кармалышып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынышкан.
Кармалган шектүүлөрдүн дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендигин аныктоо боюнча ыкчам тергөө иш-амалдары жүргүзүлүүдө.
Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ