Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоонун чыгымын бекитти. Шайлоого бюджеттен 671 млн. 502 миң сом сарпталат. Бул тууралуу БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бегматов айтты. Бирок ошол эле учурда, эгер эл аралык уюмдар шайлоонун ар кандай чыгымын көтөрүүгө сунуш беришсе, алардын жардамы кабыл алынаарын, андай учурда жогоруда айтылган суммадан кемитилээрин белгиледи.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ