Кечээ, 28-январда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде Министр Р.Казакбаев Түрк Кеңешинин (Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши / ТТМКК) Башкы катчысы Б.Амреев менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө, Түрк Кеңешинин жакынкы арадагы өнүгүү келечеги жана бул эл аралык уюмдун алкагында ушул жылы пландаштырылган иш-чаралар талкууланды.
Министр ички саясий кырдаал, өлкөдөгү маанилүү саясий процесстер жөнүндө айтып берди жана Түрк Кеңешине Кыргызстандын ар тараптуу колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Р.Казакбаев Түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы боордоштукту жана биримдикти чыңдоо боюнча ТТМККнын активдүү көп кырдуу ишмердүүлүгүн жогору баалады.
ТТМККнын Башкы катчысы Катчылык тарабынан Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европадагы Аймактык бюросу менен биргеликте мүчө-мамлекеттерге жана байкоочу-мамлекеттерге коронавирус пандемиясына каршы күрөшүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымдады.
Мындан тышкары, Б.Амреев Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин башчысына жакынкы жыйырма жылдыкта кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын чагылдырган ТТМККнын өнүктүрүүнүн жол картасы болуучу «Түрк дүйнөсүнүн көз карашы – 2040» жана Түрк Кеңешинин 2020-2025-жылдарына Стратегиясы» документинин долбоорун тапшырды.
Ошону менен бирге, тараптар Түрк Кеңешинин күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышты жана ТТМКК алкагында Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө эки тарап тең кызыкдар экендигин билдиришти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ