Бүгүн, 2-февралга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 58 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 18, Чүй облусунан – 24, Талас облусунан – 1, Нарын облусунан – 2, Жалал-Абад облусунан – 1 катталды. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 84 646 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 115 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 81 102ге жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 47, Ош шаарынан – 2, Чүй облусунан – 34, Ош облусунан – 5, Талас облусунан – 2, Ысык-Көл облусунан – 16, Жалал-Абад облусунан – 5, Баткен облусунан – 2, Нарын облусунан – 2.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ