Menu

КРнын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү ушул жылдын январь айында дайынсыз жоголгон 5 жаранды табышты

Бөлүшүү:

КРнын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү ушул жылдын январь айында дайынсыз жоголгон 5  жаранды табышты. Бул тууралуу бүгүн, 4-февралда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, КРнын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгүнүн маалыматы боюнча 2021-жылдын январь айынын башында 7 жаран кайрылып, Россия Федерациясынын аймагында эмгектенип жүргөн туугандары дайынсыз жоголуп, байланышка чыкпай жаткандарын билдиришип, аларды издөөгө көмөк көрсөтүүнү суранышкан.

“Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү өзүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында биздин жарандарга жардам көрсөтүү, Россия Федерациясынын аймагында дайынсыз жоголгондорду издөө боюнча чоң иштерди жасап жаткандыгын эскертип кетишибиз керек.

Ар кандай жагдайлар менен байланышы үзүлгөн туугандарын табуу суранычы менен көптөгөн кайрылуулар келет. Жакында эле Өкүлчүлүк 16 жылдан бери дайынсыз жоголду деп эсептелген кыргызстандыкты табышкан.

2021-жылдын январында биздин Өкүлчүлүк Россиянын ИИМдин Москва шаары боюнча башкы башкармалыгынын аймактык бөлүктөрү менен биргеликте дайынсыз жоголгон мекендештерибиздин кайда жүргөндүгүн аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүшкөн. Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында туугандары издеп жүргөн 5 жаран табылган:

А.М. менен С.Ч. аттуу жарандардын кайда жүргөндүгү аныкталып, алар узак убакыттан бери туугандары менен байланышка чыкпай жүргөн. Анткени алар Москва шаарынын жана Москва облусунун аймагынан алыс жерде эмгектенип жүрүшкөндүгү маалым болгон;

1991-жылы туулган К.К. аттуу жарандын дагы кайда жүргөндүгү аныкталып, аны 2021-жылдын 13-январь күнүнөн бери туугандары Москвадан издеп жүрүшкөн.  Ал жумушка кеткен бойдон, үйүнө кайткан эмес. Маалым болгондой, ал жумушун алмаштырып, телефонун өчүрүп салган.

Жаран С.А. такталган маалымат боюнча ал Москва шаарынын аймактык ооруканаларынын биринде киши колдуу болгон белгилери жок тез медициналык жардам аркылуу белгисиз адам катары келип түшүп, жандандыруу бөлүмүндө ээсин жоготкон абалда болгон. Андан соң эсине келбей ооркунадан каза болгон. Туугандары өлүктү таанышып, андан соң зарыл болгон процессуалдык процедураларды жүргүзгөндөн кийин жүк 200 кичи мекенине жөнөтүшкөн.

Ошондой эле, жаран Т.А. Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза Кодексинин 30-беренесинин 3-бөлүмү менен 228.1-беренесиндө (Мыйзамсыз өндүрүшкө кол салуу, баңгизаттарды, психотроптук каражаттарды жана алардын аналогдорун сатуу же жөнөтүү, андан сырткары курамында баңгизаттар  жана  психотроптук каражаттар бар өсүмдүктөрдү же алардын бөлүктөрүн сатуу же ташуу) көрсөтүлгөн кылмышты жасагандыгы үчүн Липецк облусунун аймагында кармалган.

Азыркы учурда Россиянын ИИМдин аймактык бөлүктөрү дайынсыз жоголгон 2 жарандын жүргөн жерин аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат:

– Тешебаев Рахимжан Тойчубаевич, 1976-жылы 26-октябрда туулган, Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну, 2009-жылы туугандары менен байланышпай калган, акыркы жолу Москва облусунун Талд шаарында эмгектенген;

– Колдошова Астракан Токтосуновна, 1977-жылы 22-апрелде туулган, Ош облусунун Ноокат районунун тургуну, туугандары 2021-жылдын 6-январь айынан  бери Москвадан издөөдө, жумушуна кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү жогоруда көрсөтүлгөн жарандар боюнча кандайдыр-бир маалыматтарды билген болсо  мекендештерден +7(926) 890-87-00 (WhatsApp) ишеним телефону аркылуу билдирип коюну суранат.

Дайынсыз жоголгондорду издөө бул ыкчам-иликтөө ишмердүүлүгүнүн бүтүндөй бир багыты болуп эсептелет. Кайда жүргөндүгү бир нече убакыттан бери белгисиз болуп, чет мамлекетте дайынсыз жоголгон туугандарын издөө үчүн ички иштер органдарына кайрылган жарандар аз эмес. Айрым учурларда мындай окуялар тыкыр иликтөөнү талап кылат.

Дайынсыз жоголгон же туугандары менен байланышты үзгөн жарандардын кайда жүргөндүгүн аныктоо үчүн маалыматтык-аналитикалык камсыздалуу зарыл. Издөөгө алынган же дайынсыз жоголгондорду издөөнүн натыйжалуулугу өз убагында жана сапаттуу зарыл болгон маалыматтарды топтоодон, аны талдоодон көз каранды болот. Жарандардын дайынсыз жоголуусунун себептери менен жагдайлары ар дайым көңүл чордонунда болгон. Мындай иштерди иликтөөдө жаралган оорчулуктун себептеринин бири болуп төмөнкүлөр эсептелет: жарандардын өз убагында кайрылбоосу, жашаган жерин тез-тезден алмаштыруусу, өз укуктарын түшүндүрүү боюнча кыйынчылыктар, айрымдар кармалып калгандыгын айтууну каалабаган же корккон жарандар бар”,- деп айтылат билдирүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 + = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: