Menu

Парламент жыйынында спортчуларды социалдык жактан коргоо маселелери көтөрүлдү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 4-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар  Өкмөт тарабынан демилгеленген “Кыргыз  Республикасынын  айрым мыйзам актыларына (“Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо  жөнүндө”, “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” мыйзамдарга ) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоорун экинчи окуудан карашты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча  мамлекеттик агенттиктин  директору  Канатбек Арпачиев  белгилегендей, мыйзам долбоору  юстиция органдарында спорттун түрлөрү боюнча  юридикалык тараптарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) каттонун жана кайра каттоонун  эрежелерин  иретке салууга жана  системалаштырууга, ошондой эле спорттук федерациялардын жана  бирикмелердин  реестрин жөнгө салууга  багытталган. Ал  мыйзам долбооруна ылайык, федерацияларды  ыйгарым укуктуу органдын макулдугу менен гана каттоого алуу сунушталып жаткандыгын, анткени, федерациялар ортосундагы  пикир келишпестиктер республиканын имиджине  терс таасирин тийгизээрин кошумчалады.

Депутат  Байгазы Кенжебаев  Токиодо өтчү олимпиадалык оюндарга  даярдыкты күчөтүүнүн  зарылдыгына көңүлдөрдү буруп, биздин спортчулар  эл аралык рейтингдерде  жакшы позицияга ээ экендигин, жеңишке жетишүүгө жакшы шансы бардыгын белгиледи. Ал  медалдын өзү жетишсиз экендигин айтып, дүйнөлүк чемпионаттарда, Олимпиадалык оюндарда  байгелүү орундарды ээлегендерге сыйлык берүү боюнча  эл аралык алдыңкы тажырыйбаларды колдонууну сунуштады. К.Арпачиев  спортчуларга стипендия төлөө үчүн 32 млн.сом өлчөмүндө  фонд каралганын, анын бир бөлүгү дүйнөлүк чемпионаттардын, Азия чемпионаттарынын  жеңүүчүлөрүнө төлөнөөрүн билдирди. ”Бирок, жеңүүчүлөр көп болгондуктан,  бул акчалар жетпей жатат”, – деди ал.

Депутат Үмбеталы Кыдыралиев  республикадагы спорт федерацияларынын  чачкын экендигин айтып, каттоо учурунда  эл аралык федерациялар тарабынан таанылгандыгы, филиалдар түйүнү катары  региондо кеңири өкүлчүлүккө ээ болгону, машыктыруучулар курамы жана  жүргүзүлгөн –иш чаралардын саны сыяктуу  критерийлерди эске алууну сунуштады.

Депутат Саматбек Ибраев эгер башкаруу натыжалуу жүргүзүлсө  спорт тармагы  өзүн -өзү камсыздоого өтө алаарын, анткени, республиканын бай туристтик потенциалы  бүткүл дүйнөдөн спортчуларды машыгууга тартууга жөндөмдүү экендигин кошумчалады. Арпачиев  мамлекеттик базанын жоктугунан  чет элдик спортчулардан алынган акчанын  көп бөлүгү  жеке секторго түшүп жатканын белгиледи.

Депутаттар Самат  Исманов жана Урматбек  Самаев шаардан көп сандагы  эл аралык деңгээлдеги спортчулар чыкканын, спорт комитетинин жабылганынан улам  спортчулардын спорттук мелдештерге даярдыгы зыян тартпашы керектигин айтып,  Токмок шаарында  спорт комитетинин ишин  кайра жандандыруунун зарылдыгын белгилешти. Депутат Салайдин Айдаров  жылына  эки жолу: жайында Кытайда, кышында Швейцарияда  өтө турган  Бүткүлдүйнөлүк универсиадага  даярдануу үчүн спорт иштери боюнча ыйгарым укуктуу органдын календарлык планын  киргизүүнү сунуштады.

Талкуудан соң мыйзам долбоору  экинчи окуудан добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: