Бүгүн, 4-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынындагы Ар кандай маселелер саатында бир катар социалдык-экономикалык маселелер айтылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Алсак, депутат Айнуру Алтыбаева Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлүнө кайрылып, аялдар уюму тарабынан быйылкы жылды Саламаттыкты коргоо жана спортту колдоо жылы деп жарыялоо сунушталып жатканын билдирди. Муну менен катар депутат Ноокат районундагы оорукананын курулушун бүткөрүү зарылчылыгына токтолду.
Ал эми депутат Аккулу Бердиев Чоң-Алай районундагы төрт-беш жыл мурун башталган суу каналы азыркыга чейин бүткөрүлбөй жатканын сынга алып, ушул жылдын аягына чейин курулушун аяктоону кошумчалады.
Андан тышкары, депутат Айгерим Бешимбаева Сокулук районундагы Военно-Антоновкадагы мектеп 10 жылдан бери бүткөрүлбөй келе жатканы тургундар үчүн оорчулук туудуруп жатканын айтып: “Окуучулар эски мектепте 4 сменада окутулуп жатат. Андыктан, 1-сентябрга карата жаңы окуу имаратын ишке киргизүү керек”, – деди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ