Чүй облусунда алдамчылыкка шектүү аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда Чүй ОИИББдин Басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Чүй облусунун ИИББдүн Криминалдык милиция кызматынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери издөөгө алынган аялдын жүргөн жери тууралуу маалымат алышып, анын негизинде бүгүн, 5-февраль күнү Чүй облусунун ИИББнын жана Жайыл РИИБдүн кызматкерлери издөөдө жүргөн 1978-жылы туулган С.Е. аттуу аялды кармашкан.
Жогорудагы аялга карата 2020-жылы Жайыл районунун жашоочусу милицияга арыз менен кайрылган.
Маалым болгондой жабырлануучу 2019-жылдын март айынын башында жарнамадан көзү ачыктын байланыш телефондорун көрүп, ага байланышкан. Шектүү аял арыздануучунун бардык көйгөйүн угуп, алсыздыгынан пайдаланып, анын башын айлантып, 340 миң рубль жана 100 АКШ долларын алып, из жашырып кеткен.
Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204-беренеси (Алдамчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында жогорудагы аялга издөө жарыяланган.
Кармалган жаран Жайыл РИИБдүн убактылуу кармоочу жайына камакка алынып, анын дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экениги боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.
Белгилеп кетүүчү жагдай, кылмышка шектелеп кармалган аял буга чейин ИИМдин алдын алуу боюнча атайын каттоосунда баңги зат боюнча уюшкан кылмыштуу топторго мүчө катары турганы маалым болгон.
Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ