Menu

Орусиядагы элчилик кыргызстандык айдоочу катышкан окуянын чоо-жайын иликтей баштады

Бөлүшүү:

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кыргызстандык айдоочу катышкан окуянын чоо-жайын иликтей баштады. Бул тууралуу «Азаттыкка» эчиликтин өкүлү Гүлбарчын Байымбетова билдирди.

Анын айтымында, окуяда бир кыргыз жаран каза болуп, дагы тогузу жабыркаган. Алардын бешөө учурда ооруканада. Абалдары боюнча маалымат азырынча айтыла элек. Элчиликтин жана Ички иштер министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери окуя болгон жерге барып, иликтөө-териштирүү иштерин жүргүзүүдө.

– Кызматкерлер учурда ооруканада жана окуя болгон жерде иликтөө иштерин жүргүзүп жатышат. Жабыркагандардын жарандыктары такталууда. Арасында каза болгон бирөө бар экен.

Кечээ Москвада кыргызстандык айдоочу “Volkswagen Polo” унаасы менен Новочеркаск бульварындагы жөө жүргүнчүлөрдү – өз мекендештерин тебелеп кеткени кабарланган. Тогуз киши жабыркап, бир киши каза болгонун жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты. Алдын ала маалыматка караганда, окуя кафеде кыргызстандыктар чатакташып кеткенден кийин болгон.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 − 78 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: