КРнын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшү кызматынын ыкчам-издөө бөлүмүнүн кызматкерлери өзгөчө ири масштабда баңгизаттарын таратуучу каналдарга бөгөт коюу жана баңгизат кылмышына тиешеси бар адамдарды кармоого багытталган атайын операция жүргүзүшүп, анын натыйжасында, ири өлчөмдөгү ооган түспөлүндөгү баңгизат кармалып алынды. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 25-январда болжол менен саат 03:00 чамасында ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери, “Шумкар” атайын багыттагы полктун кызматкерлеринин күч колдоосу менен Жазык кодексинин 267-беренесинин (Баңгизаттарды, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз өндүрүү максатында сатуу) сотко чейинки тергөө амалдарынын алкагында, өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизаттарды мыйзамсыз сатууга шектелген 1974-жылы туулган жаран О.С. кармалган. Бул мурда соттолгон жарандан 3 кг 090 гр. салмактагы героин баңгизаты табылган.
Андан аркы ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы жана Мамлекеттик бажы кызматынын Оперативдүү бажысынын кызматкерлери менен биргеликте издөөчү итти колдонуп тинтүү иштери жүргүзүлүп, шектүүнүн жашаган жеринен баңгизаттардын башка түрлөрү табылган.
Ал жерден ички иштер министрлигинин баңгизат менен күрөшүүчүлөрү 950 грамм салмактагы “гашиш” баңгизатын алышкан. Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ