Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон буйрукка ылайык, Капаров Жаныбек Акматович Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысынын биринчи орун басары кызматынан берген арызынын негизинде бошотулду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, Жаныбек Капаров Коопсуздук кеңешинин катчысынын биринчи орун басарлыгына былтыр 10-октябрда дайындалган. 2016-жылдын май айына чейин ал Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы болгон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ