Menu

Бишкек мэриясынын алдында нааразылык акциясы өтүп жатат

Бөлүшүү:

Бишкек мэриясынын алдында ушу тапта нааразылык акциясы өтүп жатат. “Эркин Европанын” кабарчылары жеринен маалымдагандай, 30 чакты адам чогулуп, мэрдин милдетин аткарууга жаңы адам дайындалышы керектигин айтып жатышат.

Алар колуна “Мэрликке Руслан Тагаев татыктуу” деген жазууларды кармап турушат.

10-февралда өкмөт башчы Улукбек Марипов Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу тууралуу чечимин бир күндөн кийин жокко чыгарып, бул кызматка жаңы мэр шайланганга чейин Бактыбек Кудайбергеновду дайындады.

Өкмөттүн расмий сайтындагы 10-февралдагы маалыматка караганда, Мариповдун чечими менен Эрмек Нургазиевди мэрдин милдетин аткаруучу катары дайындоо тууралуу 9-февралдагы чечим жокко чыгарылды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 − 75 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: