Menu

Чолпон Султанбекова: «Саламаттык сактоо тутумундагы жүргүзүлүп жаткан өзгөртүүлөр адамга жана көп тармактуу моделди түзүүгө багытталышы керек»

Бөлүшүү:

«Бүгүнкү күндө саламаттык сактоо тутумундагы жүргүзүлүп жаткан өзгөртүүлөр адамга жана көп тармактуу моделди түзүүгө багытталышы керек. Кыргызстанда сергек чөйрөнү түзүү жана иштетүү үчүн жарандардын, мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын, бейөкмөт жана эл аралык секторлордун күч-аракетин бириктирүу зарыл», — деп билдирди бүгүн, 11-декабрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова Кыргыз Республикасын2018-2040-жылдарга Туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын «Таза коом – Жаны доор» долбоорун жана 2030-жылга дейре Саламаттыкты сактоону өнүктүрүү программасынын долбоорун талкуулоо боюнча тегерек стөлдүн жүрүшүндө. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Вице-премьер-министр белгилегендей, Өкмөттүн жаңы курамы бекитилиши менен Кыргызстанда атамекендик саламаттык сактоо тутуму үчүн жаңы стратегиялык маанилүү документтерди иштеп чыгуу жана ишке ашыруу башталды.Кыргыз Республикасын 2040-жылга чейин өнүктүрүү Стратегиясын ишке ашыруунун алгачкы жана маанилүү баскычын билдирген «Жаңы доорго кырк кадам» программасын ативдүү ишке ашыруу жүрүүдө.

«Аталган Программанын ар-бир кадамы коомдогу жана экономикадагы көйгөйлөрдүн так чечилишин камсыздоого багытталган. Анын негизги артыкчылыгы жаран жана анн муктаждыктарын, укугун жана эркиндигин камсыздоо, ошондой эле адам муктаждыктарынын призмасы аркылуу башкаруунун жаңы структурасын түзүү болуп саналат», — деди ал.

«Жаны доорго – кырк кадам» программасы, Вице-премьер-министр белгилегендей, жумушсуздуктун деңгээлин төмөндөтүү, өлкөнү заманбап жана жеткиликтүү инфраструктура менен камсыз кылуу, региондорду өнүктүрүү жана алардын социалдык-экономикалык көйгөйлөрүн чечүү, коррупцияны жок кылуу, жаңы санариптик технологияларды кийрүү, социалдык коопсуздукту жана татыктуу жашоо деңгээлин камсыз кылуу сыяктуу көйгөйлүү суроолорду чечүүгө багытталган.

Андан тышкары, вице-премьер-министр калктын  ден соолугун сактоо жана чыңдоо жаатында олуттуу натыйжаларга жетишүү үчүн саламаттык сактоо системасында стратегиялуу программалык документтерди иштеп чыгууда эскперттик жана жумушчу топтор күч-аракетин бириктириши керек деп баса белгиледи.

 

«Биринчи кезекте, бул Кыргыз Республикасынын 2040-жылга чейин өнүктүрүү Стратегиясы, Өкмөттүн «Жаңы доорго кырк кадам» программасы жана Кыргызстандын 2030-жылга чейинки саламаттык сактоо тутумун өнүктүрүү Стратегиясынын алкагында биргелешип  иш алып барууга тийиштүү», – деп жыйынтыктады Чолпон Султанбекова.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: