Menu

Бүгүн КСДП билдирүү таратып, бийликтеги КСДП атамбаевчил КСДПчыларды куугунтуктап жатат деп ыйлактады

Бөлүшүү:

Бүгүн, 23-майда КСДПнын расмий басма сөз өкүлү Кундуз Жолдубаева  КСДПнын Саясый кеңешинин мүчөлөрү Сапар Исаков менен Кубанычбек Кулматовдун суракка алынып жатышы тууралуу билдирүү таратты.

Ал билдирүүдө КСДП партиясы бийликте турган турган КСДП партиясынын өкүлдөрү КСДП партиясынын өкүлдөрүн куугунтуктап жатканына арызданышкан.  Белгилүү болгондой КР Жогорку Кеңешинде КСДП фракциясы эң көп сандагы депутаттарга ээ жана башкаруучу коалициянын өзөгүн түзөт. КР Президенти да жана Премьер-министри да КСДПдан чыгып бийлик тууруна конгондор экенин эч ким тана албайт.  Эмесе КСДП эмне деп зар какшайт:

“Акыркы айларда экс-президент жана КСДПнын лидери А.Ш. Атамбаевге жакын адамдардын ишмердигин коомчулукка жасалма жолдор менен болсо да жаман көрсөтүү аракеттери болуп жатат. Күч органдары айрым кылмыш иштерин иликтөөдө тандамал жолго түшүштү. Жогорку Кеңештин депутаттары 10-жана 16-майда Бишкек ТЭЦиндеги авариянын келип чыгуу себептерин кароо учурун “сот процессине” айланды. Алар кабыл алган токтом айыптоо өкүмүнө окшошуп кетет.

Жогорку Кеңеш 2018-жылдын январындагы Бишкек ТЭЦиндеги авариянын күнөөкөрлөрү тууралу ооз ачпай эле ТЭЦти модернизациялоонун демилгечилерин айыптоо менен алек болушту. Адистердин айтымында модернизация гана Бишкектин жылуулук системасын чоң катастрофадан сактап калды.

Укук коргоо органдары алгач Бишкек ТЭЦиндеги авария боюнча кылмыш ишин козгогон. Бирок анын ошол кездеги директору Нурлан Омуркул уулун жоопкерчиликке тартуунун ордуна аварияга түздөн-түз тиешеси жок Жалал-Абад шаарынын мэри, КСДПнын мүчөсү Салайдин Авазоводу камакка алышты. КСДПнын төрагасынын орун басары, экс-премьер Сапар Исаковду суракка чакыра башташты.

Биз албетте Бишкек ТЭЦин модернизациялоодо кетирилген кемчиликтерди тыкыр иликтөөгө каршы эмеспиз, алтургай ал келишимди эл аралык аудиттен өкөрүүдөн да баш тартпайбыз, бирок ага чейин ТЭЦтеги аварияга кимдер түздөн-түз күнөөлүү болсо аларга чара көрүлүүгө тийиш. Сөз ТЭЦтин цехтеринин начальниктери жана участкаларынын мастерлерлери жөнүндө эмес, ТЭЦтин директору жана андан бийик рангадагы жетекчилер тууралу болуп жатат.

КСДПнын төрагасы Алмазбек Атамбаев 31-марттагы маалымат жыйынында элге “Раим-миллион” деген ат менен белгилүү Матраимов Р.И. тууралу айтты эле, мамлекеттик бийлик ал боюнча кандай чечим кабыл алат деп коомчулук күтүп жатат.

Бирок укук коргоо органдары Матраимов Р.И.нин ордуна бажы кызматын коррупциядан тазалай баштаган КСДПнын Саясый Кеңешинин мүчөсү Кулматов К.К.ны кылмыш жоопкерчилигине тартып жатышат.
Мындай тандамал күрөш УКМКнын Антикоррупциялык кызматынын коррупцияга каршы күрөшүү идеясын дискредитациялайт, – деп аяктайт КСДПнын басма сөз кызматынын билдирүүсү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: