Menu

Ошто алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

Бөлүшүү:

Ошто алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Аймактар аралык башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери алдамчылыкка шектүү жаранды кармашты. Башында, ички иштер органдарына Ош шаарынын жашоочусу арыз менен кайрылып, алдамчылык жолу менен олуттуу материалдык зыян келтирген жаранга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранган.

Жабырлануучу билдиргендей, 2016-жылдын июнь айында автоунааны сатуу жана сатып алуу келишимин түзүшкөн. Сатуучу өзүнүн “Тайота-Превия” үлгүсүндөгү автоунаасын 180000 сомго баалаган, бирок сатып алуучу 50000 сомун гана берип, калган суммасын бир айдан кийин берем деп сөз  берген. Андан соң, автоунаанын жаңы ээси изин жашырып кетип, бул автоунааны үчүнчү жакка сатып жибергени аныкталган.

Аталган факты КЖБРге катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 204-беренеси (Алдамчылык) менен сотко чейинки өндүрүш башталган.

Жакында ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө ИИМдин Аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери  Ош облусунун Ноокат районунун аймагынан шектүү 1973-жылы туулган К.Ж. кармалып, тергөө органына жеткирилди. ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын маалыматы боюнча жаран К.Ж. УКТнын мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.

Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: