Menu

Жалал-Абад шаарында уурулук менен алектенген кылмыштуу топ кармалды

Бөлүшүү:

Жалал-Абад шаарында уурулук менен алектенген кылмыштуу топ кармалды. Булл тууралуу бүгүн, 10-февралда Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, Жалал-Абад ШИИБне 1980-ж.т. шаар тургуну С.К. арызданып, 2021-жылдын 5-февраль күнү саат 09:00 чамасында Жалал-Абад шаарындагы «Народный» дүкөнүнүн эшигин белгисиз кылмышкерлер бузуп киришип, кассадан 30 000 сом акчасын уурдап жана сыртта турган терминалды бузуп, материалдык зыян келтиришкендигин билдирген.

Ошондой эле дагы бир Жалал-Абад шаарынын 38 жаштагы тургуну К.Н. арызданып, 2021-жылдын 3-февралга караган түнү Төш-Кутчу айылындагы азык-түлүк дүкөнүнө белгисиз кылмышкерлер терезеси аркылуу киришип, 11000 сомдук товарларын жана кассадан 30 миң сомго жакын акчасын уурдап кетишкендигин билдирип, аларга мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

Аталган фактылар Жалал-Абад ШИИБдин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Жалал-Абад ШИИБдин Криминалдык милиция кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында жогорудагы кылмыш иштерине шектүү катары Сузак районунун тургундары 2001-ж.т. А.Б., М.А., Т.С. жана 2003-ж.т. М.С. кармалышкан.

Алар тергөө учурунда кылмыш иштерин толугу менен моюндарына алышып, жасаган жумуштарына өкүнүп жатышкандыгын билдиршкен.

Учурда тергөө иштери улантылууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 − 46 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: