Женго каймана аты бар криминалдык авторитет Кадыр Досонов туугандарына кысым көрсөтүлгөндүктөн, алардын коопсуздугун ойлоп, өзү УКМКга келген. Бул тууралуу журналисттерге адвокат Назгүл Сүйүмбаева билдирди.
Анын айтымында, кечээ, 10-февралда саат 23:50дө Досонов өзү адвокат менен кошо УКМКнын Ош облусу боюнча башкармалыгына келген.
“Менин кардарыма жер тилкесин мыйзамсыз басып алган деген айып тагылып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди”, – деди адвокат.
Ал белгилегендей, Досоновдун мурунку аялы Ош шаарына үй куруп, ал өзүнүн жер участогуну чегинен чыгып кеткен. Анын издөөгө алынганынын бирден-бир себеби ушул эле.
“Бул жерде жеке адамдардын ортосунда сатуу жана сатып алуу болгон, бирок УКМКнын тергөө кызматы жер тилкеси айыл өкмөткө берилген жана Досонов бийлик өкүлдөрүн коркуткан деп эсептейт”, – деди Сүйүмбаева.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ