Menu

Өзбекстан Ucell компаниясынын 100% үлүшүн орусиялык компанияларга өткөрүп берди

Бөлүшүү:

Өзбекстан өкмөтү Мамлекеттик активдерди башкаруу агенттиги аркылуу Ucell компаниясынын 100% акциясын орусиялык «ЮэСэМ Телеком» менен МегаФон компанияларына өткөрүп берди.

Маалыматка караганда, Өзбекстанда эки компаниянын катышуусунда Digital Holding биргелешкен ишканасы түзүлөт. Ага өлкөнүн телекоммуникация рыногундагы лидери Ucell, USM – CRPT Turon менен ICS Holding Uzbekistan кирет.

Орусия биргелешкен ишканага 100 миллион доллар инвестиция салары күтүлүүдө. Digital Holding ишканасынын 51% акциясына орусиялык компаниялар, 49% мамлекеттик акцияларды башкаруу агенттиги ээлик кылат.

Ucell — өзбек мобилдик байланыш оператору. Соңку эки жылда ал 8 миллион абоненти менен Өзбекстандын уюк байланыш рыногунда лидер аталган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: