Улуу Ата-Мекендик согуш жылдары кыргыз кыз блокадада калган Ленинграддан алынып келинген жүздөгөн орус балдарга апа болуп калган. Эми бул легендарлуу апабызга Санкт-Петербургда эстелик коюларын орус ММКлары жазып чыкты.
Эстелик Улуу Жеңиштин 75 жылдыгынын алкагында ачылат. Анын демилгечилери – коомдук уюмдар менен Санкт-Петербург шаарынын мэриясы.
Эстеликти орнотуу маселеси менен президенттин кеңешчиси, жазуучу Султан Раев алек болууда. Токтогон апанын уулу Марат Абдиевдин айтымында, эскизи даяр болуп, эми Томск шаарында эстелиги жасалат экен.
1942-жылы 18 жаштагы Токтогон Алтыбасарова Кыргыз ССРнин Ысык-Көл облусунун Күрмөнтү айылындагы айылдык кеңештин катчысы болгон. 1,5 жаштан 12 жашка чейинки 150 бала Ленинграддан алынып келингенде, ал дароо аларга апа болуп калган: кийинтип, ичиндирип, тарбия берип, ырдап уктатып, болгон мээримин төккөн.
Көпчүлүк балдар аты-жөнү жазылган биркаларын жоготушуп, Токтогон апа аларга жаңы ысым берип, бардыгы бир ооздон “Тоня эже” деп кайрылышчу экен.
Токтогон Алтыбасарова 2015-жылы 11-июнда дүйнө салды. Аны Көлдөгү айылында жерге беришкен. Колунда чоңойгон балдар да улгайып, тирүүлөрү алигүнчө Тоня эжени жылуу сезим менен эскерип келишет.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ