Бүгүн, 12-февралга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 70 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 37, Ош шаарынан – 1, Чүй облусунан – 4, Ош облусунан – 4, Ысык-Көл облусунан – 11, Талас облуунан – 3, Нарын облусунан – 4, Жалал-Абад облусунан – 4, Баткен облусунан – 2 катталды. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 85 398 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 92 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 82 098ге жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 38, Ош шаарынан – 3, Чүй облусунан – 32, Ош облусунан – 2, Ысык-Көл облусунан – 13, Талас облусунан – 1, Жалал-Абад облусунан – 3.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан Чүй облусунан 1, Нарын облусунан 1 бейтап каза болду. Илдеттен каза болгондордун жалпы саны 1439га жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ