Menu

Пара берип жаткан жеринен кармалган муфтияттын бухгалтери эки айга камакка алынды

Бөлүшүү:

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башкы эсепчиси УКМКнын убактылуу кармоочу жайына 10-апрелге чейин камалды. Бул тууралуу журналисттерге укук коргоо органдарынан кабарлашты.

Такталгандай, мындай чечимди Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту түндө кабыл алган.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башкы эсепчиси  Жеңишбай Бекиев жана муфтий Максат ажы Токтомушевге Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин “Пара берүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Белгилей кетсек, муфтияттын жетекчилиги зыяратчылар тарабынан кошкон акчасын жеке каржы мекемелерине 100 миллион сомдон ашык суммадагы насыяларды берип, ай сайын пайыздык төлөмдөрдү алуу менен өздүк максаттарына жумшагандыгы аныкталган.Ушул каржылык операциялары ачыкка чыгаргандан кийин, Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгындагы (КМДБ) жетекчилиги УКМК кызматкерлерине табылган фактыларды жашырганы жана кошумча тергөө иштерин токтоткону үчүн 100 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара сунуштаган. Муфтияттын башкы эсепчиси пара берип жаткан жеринен кармалган.
Бул маалымат жарыялангандан кийин Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев кызматынан кеткен.

Жүргүзүлгөн тергөө иш-аракеттеринин натыйжасында муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин жогоруда аталган кылмыш ишине катыштыгы бар жөнүндө далилдер алынган.

Алынган далилдердин негизинде, 10-февралда муфтий кылмышка шектүү катары кармалып жана УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Түндө Максат ажы Токтомушевдин баш коргоо чарасы тандалып, үй камагына чыкты. 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 − 56 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: