Menu

УКМК ККК: Мамлекеттик байланыш агенттигинин лицензиялык-уруксат берүүчү иш-аракетиндеги дагы бир коррупциялык схеманы бети ачылды

Бөлүшүү:

УКМК ККК тарабынан Мамлекеттик байланыш агенттигинде көзөмөлдөнгөн компанияларга радиожыштык спектрин пайдаланууга лицензия берүүдө Кыргыз Республикасынын колдонулган мыйзамдарын бузуу менен дагы бир коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Такталгандай, Мамлекетик байланыш агенттигинин мурдагы
жетекчиси жеке бир компаниялардын биринин өкүлү менен жең учунан
сүйлөшүп алышып, Бишкек жана Ош шаарларында зымсыз туташуу
станцияларын иштетүү үчүн аларга 20 МГц өткөрмө жөндөмдүүлүгү бар
радиожыштык спектрин колдонууга лицензия берген.
Ал эми аукционго коюлган радиожыштык спектринин баштапкы баасы
61,5 миллион сомду түзүп, мамлекеттин кирешесине кириши мүмкүн
болгон.

(Маалымат үчүн: Радиожыштык спектрин пайдаланууга лицензия ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан конкурстардын (аукциондордун жана конкурстардын) негизинде гана берилет.

Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тиешелүү мамлекеттик органдардын кызмат адамдарын кылмыш жоопкерчилигине тартуу чаралары көрүлүүдө.

Мындан тышкары, ККК радиожыштык спектрлерин пайдаланууга, аларды кийин аукциондо сатуу үчүн негизсиз берилген лицензияларды түзүү жана мамлекетке кайтаруу боюнча жигердүү иш алып барылууда, жана бул
бюджеттин киреше бөлүгүнүн көбөйүшүнө өбөлгө түзөт.

Азыркы учурда, тергелип жаткан кылмыш иштери боюнча көрүлгөн чаралардын алкагында жалпы баасы 143,7 миллион сомду түзгөн радиожыштыктарды мамлекетке кайтарып берди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: