Бишкекте дүкөндөрдүн биринен азык-түлүк уурдаганга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-ноябрда милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 9-ноябрда болжол менен саат 03:20 чамасында Бишкек ШИИББнын “102” кызматына Т.Молдо көчөсүндөгү дүкөндөрдүн биринен азык-түлүктөрдү уурдап кетти деген маалымат келип түшкөн.
Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББгы боюнча Милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 1967-жылы туулган Т.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле түнү болжол менен саат 02:30 чамасында белгисиз жаран Т.Молдо көчөсүндө жайгашкан дүкөндөрдүн биринен баасы 13 000 сомду түзгөн азык-түлүктөрүн уурдап кеткен. Мына ошол жаранга карата чара көрүүнү өтүнгөн.
Жазылган арыздын негизинде милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам издөө иш-чарасын уюштуруп, кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары 1996-жылы туулган Ж.А аттуу жаранды кармашып, Биринчи май райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүп беришкен.
Бул факты боюнча Биринчи май райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана Жооруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КРнын Жазык кодексинин 200-беренесинин (Уурдоо) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ