2021-жылдын январь айында Ички иштер министрлигине Бишкек шаарынын тургуну, ишкер арыз менен кайрылып, мыйзамсыз иш аракеттерге чара көрүүнү суранган.
Себеби, 2018-жылдын ноябрь айында бейтааныш жарандар Жумгал районуна караштуу Кара-Кече аймагында жайгашкан көмүр кенинен 170 (жүз жетимиш) тонна алышып, акчасын алып келип беребиз деп ушул күнгө чейин беришкен эмес. Бир нече жүз миң сомдук зыян келтирилген.
Бул факты боюнча материал Нарын ОИИБнин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүүдө.
КР ИИМдин Үчүнчү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында, жогоруда көрсөтүлгөн кылмыш боюнча шектуу катары, уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары ИИМде каттоодо турган Ак-Талаа районуннун тургуну 1978-жылы туулган М.С. жана Бишкек шаарынын тургуну 1981-жылы туулган Ч.Р. кармалып Нарын ОИИБын Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ