Menu

ЕБ Навальныйдын камалышына байланыштуу Орусияга жаңы санкция киргизүүнү пландоодо

Бөлүшүү:

Европа Биримдигине (ЕБ) мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин 22-февралда өтө турган жыйынында оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын камалышына байланыштуу Орусияга жаңы санкцияларды киргизүү маселеси талкууланат.

Брюсселде 27 өлкөнүн дипломаттарынын жолугушуусунда орусиялык аткаминерлердин жана уюмдардын активдерин тоңдуруу, виза берүүгө тыюу салуу чаралары каралышы мүмкүн. Бул кадамдын алдында ЕБдин ичинде бир нече жума талкуу өткөн.

Навальный ага кол салуунун артында Орусиянын президенти Владимир Путин менен Федаралдык коопсуздук кызматы турат деп эсептейт. Кремль бул айыптоолорду четке кагып келет.

Октябрда ЕБ Навальныйдын «Новичок» заты менен ууландырылышына байланыштуу орусиялык алты аткаминерди кара тизмеге киргизген.

Орусияга карата жаңы чара көрүү чечими кабыл алынса, тышкы иштер министрлер ЕБнын дипломатиялык кызматтарына Навальныйдын камалышына, ууландырылышына тиешеси бар кишилердин тизмесин түзүүнү тапшырышат.

Алексей Навальный былтыр августта Омск шаарында ууландырылган соң, Германияда дарыланып аман калган. Ал өткөн айда Германиядан дарыланып келээри менен “Шереметьево” аба майданында камакка алынган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 + = 93

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: