Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 22-февралда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча кеңешинин 46-сессиясына катышат. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, кеңештин Женевадагы жыйыны видеоконференция форматында өтөт. Анда Шавкат Мирзиёев өлкөдө демократияны бекемдөө үчүн жасалып жаткан иштерге, адам укуктары боюнча аткарыла турган жумуштардын негизги багыттарына кеңири токтолот.
Өзбекстан бийлиги жыл өткөн сайын өлкөдө адам укуктарына байланыштуу абал жакшырып баратканын билдиргени менен эл аралык укук коргоо уюмдары буга анча ынанышпайт.
Маселен, эл аралык Human Rights Watch укук коргоо уюмунун баяндамасында Шавкат Мирзиёев бийликке келгенден бери адам укуктарына байланыштуу абал жакшырганы менен саясий система авторитардык бойдон калганы белгиленген.
Өзбекстанда бюджеттик кызматкерлер мурдагыдай эле пакта теримге мажбурлоо жолу менен чыгышат. ММКлардын көбү мамлекет бекиткен чектен чыкпай, көз карандысыз журналисттер куугунтукка, кысымга алынып келет.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ