Menu

Карагандыда өндүрүлгөн «Спутник V» вакцинасы Казакстандын аймактарына жөнөтүлө баштайт

Бөлүшүү:

Жакында казакстандыктарды Караганды фармацевтикалык комплексинде өндүрүлгөн орусиялык «Спутник V» вакцинасы менен эмдөө башталат. Бул тууралуу өлкөнү дары-дармек менен камсыздаган «СК-Фармация» дистрибьютору кабарлады.

Маалыматка караганда, 23-февралда заводго иш сапар менен өлкөнүн премьер-министри Ералы Тугжанов келет. Иш-чаранын алкагында комплекстен вакциналарды жүктөө формалдуу түрдө старт алат.

Эртең 90 миң доза жүктөлүп, Нур-Султан, Алматы, Чымкент жана Актөбө шаарларына жеткирилет. Ал жерлерден «СК-Фармация» вакциналарды аймактарга таркатып берет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: